www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев ""Кыргызстандын экс-президенти" деген макамы барларга кол тийбестик кепилдигин берген мыйзамды өзгөртүш керек" деген пикирин бүгүн, 17-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

- Мамлекетти ким башкарганы ачык көрүнүп жатат. Башкарган киши мамлекетти бийлеген. Президент премьер-министрдин башын аттап түзмө-түз министрге буйрук бергени мыйзамга туура келбейт. Бул Конституцияны бузуу деген сөз. Мыйзамды өзгөртүшүбүз керек. Иштеп жаткан президентти импичмент аркылуу жоопко тартса болот экен. Депутатты да тартса болот. Экс-президентти эч ким эч качан эч нерсеге тарта албай экен да. "Кыргызстанда бир гана адам эч нерсеге жооп бербейт" деген Конституцияга да туура келбейт. Анын биринчи беренесинде “мыйзам алдында баары тең” деп жазылган", - деди ал.

Эске сала кетсек, 10-майда ЖК жыйынында Исхак Масалиев ЖЭБди модернизациялоого экс-президент Алмазбек Атамбаевдин түздөн-түз тиешеси бар экенин айтып, андан кол тийбестик макамын алууну сунуш кылган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости