www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун негиз кылып токтом кабыл алды. Ага жыйынга катышкан 106 депутат “макул” деген добуш берди, каршылар болгон жок. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Токтомдо “Депутаттык комиссиянын корутундусу эске алынсын жана президентке жөнөтүлсүн. ЖЭБ боюнча келишимди даярдаган, иштеп чыккан жана мамлекеттик кабыл алууга катышкан кызматкерлердин иш-аракетине укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага жөнөтүлсүн. Башкы прокуратура, УКМК жана Эсеп палатасы үч айлык мөөнөт ичинде Жогорку Кеңешке маалымат берсин” деп жазылды.

Токтомдун аткарылышын парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети менен Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы комитети көзөмөлдөйт.

Бир нече депутат токтомго кошумча сунуш киргизди.

Жогорку Кеңеш үч күндөн бери ЖЭБдеги авариянын себебин жана аны модернизациялоого жумшалган 386 миллион доллар Кытай насыясынын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулады.

Эл өкүлдөрүнүн суроолоруна мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка жетекчилер жооп берди. Комиссия 30га жакын аткаминердин фамилиясы жазылган корутунду чыгарган болчу.

Быйыл кыш чилдеде ЖЭБ бузулуп, Бишкек бир нече күн жылуулуксуз, бир топ жери жарыксыз калган. Буга байланыштуу кылмыш иши козголгон.

"Аварияга жана жемкорлукка айыптуу" деген тарап күнөөсү жок экенин, Кытай тарап менен келишим мыйзам чегинде иштелип чыгып, кабыл алынганын айтууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости