www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында Бишкек ЖЭБди реконструкциялоо үчүн алынган 386 млн доллар өлчөмүндөгү насыя каражатынын натыйжалуу пайдаланышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын жыйыны аяктады. Жыйынга катышкан мурдагы өкмөт башчылары Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаковго акыркы сөз берилди.

Жантөрө Сатыбалдыев, жыйындын жүрүшүндө кетирген мурдагы катачылыктарынан Рамазан айында убакыттан пайдаланып кечирим сураса, Сапар Исаков “аташкасы” Алмазбек Атамбаевдин сөзүн эл өкүлдөрүнүн эсине салды.

--“Мен биринчиден сиздерге чон рахмат айтам, 3 күндөн бери жакшы талкуу болду. Биз жасаган кадамдарыбыз, иштерибиз абдан көп болчу. Бирок болбой калды. Кайсы гана маселе болбосун талкуу болуп атканда өзүбүздүн кызыкчылыкты мамлекеттик кызычылыктарга таянгабыз. Ушул жерде Алмаз Шаршенович менен чогу иштеген адамдар дагы бар, сиздер жакшы билесиздер. Алмаз Шаршенович бир нерсени суранчы да, “коруппцияга малынбагыла, акча керек болсо менден алгыла” деп, ар дайым айтчу. Алмаз Шаршенович менен иштеген адамдар мунун далилдеп берет. Мен укук коргоо органдарына кайрылат элем, болгон териштирүүлөр акыйкат болсун, себеби кыргыз эли карап турат. Ар бир документке таянып, туура чечимдер кабыл алынышы керек. Албетте ар бир мамлекеттин өзүнүн саясаты бар, бирок саясата куугунтук эч качан болбошу керек. Бул абдан маанилүү нерсе да. Саясат менен качан куугунтук башталганда, бийликтин аброюна чоң шек болот. Мен ойлойм баары акыйкат болот. Чындыгында коррупция болсо, кыргыз элинин капмасына кол салган болсо, ал сөзсүз түрдө жооп бериш керек”, - деди талкуунун жыйынтыгында акыркы сөзүндө мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости