www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-февралда, парламенттин жыйынында 2020-жылдын 18-февралындагы корутундусуна ылайык мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып жатат.

“Жогорку Кеңештин токтому менен мыйзамдан тышкары деген тыюу салынган...Бүгүн болсо Компартиянын борбордук комиттетин тапшырмасы менен ар кандай согуш аракеттерине аралашкан адамдарды сыйлуу ардагер катарына кошконубуз кандай болот? Келгиле Компартияны ордуна жандандырып, статусун кайтаргыла анда. Кандай болот?”,-деп депутат Исхак Масалиев суроо узаткан.

Бул суроого өкмөт мүчөөсү жооп бере албай, “былтыйып” кана отуруп берди.

Анда депутат бул мыйзам долбоору кимге тийиштүү экенин сурады. Өкмөт бир кишиге тийиштүү болгонун айтканда, депутат: “Мыйзам бир киши үчүн жазылып атабы?”-деп сураган.

Бул суроого Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрасагы Исхак Пирматов жооп берди.

“Туура мыйзам бир киши үчүн жазылып атат. Ушуну өкмөт өзү токтом менен чечип койгон иш эле. Чечпей жатпайбы. Өкмөт он жылдан бери чечпей жатат. Мен деле муну бекерчиликтен же жыргаганыман жазып чыккан жокмун. Мени мажбур кылышты.  Ал эч жерден чындыкты таппай, бизге келе бергенинен, келе бергенинен боорум ачыды. Ошон үчүн мыйзам долбоорун жаздым. Ушул мыйзамга убакыт кетирип атканыбыз эле туура эмес көрүнүш. Бул жерде элементарный бюрократия да. Тияка бар, атаңа бар, энеңе бар деп, он жылдан бери сүйрөшкөн да. Жашы агып келе берип, мыйзам жазганга “вынуждайтетти” бизди”,-деди ачуусун баса албаган Исхак Пирматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости