www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17 жана 18 жаштагы кыз-жигит үйлөнгүсү келген. Бирок, мыйзам аларга уруксат бербеген соң, алар дайынын билдирбестен качып кеткен. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Маалыматка караганда, 17 жаштагы Анара менен 18 жаштагы Нуртилекке милиция 1 айдан берүү издөө салууда.
Алдын ала маалыматка караганда, Нуртилек Анараны Өзгөндөгү үйүнө ата-энесине тааныштыруу матсатында алып барган. Бирок, анын ата-энеси үйлөнүүгө кыздын жашы жетет элек экенин айтып, аларга уруксаттарын беришкен эмес. Кызды Нуртилек үйүнө жеткирип бармак, бирок ошол боюнча дайындары жок болуп кеткен.
Кыз-жигиттин досторунун айтканына караганда түгөйлөр Бишкекке качып кетишкен.
Бирок, издөө иштери уланып жатканы айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg