www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Исхак мырза, Жогорку Кеңештин кеңешмесинде алабукалыктар суусуз калганын айттыңыз. Аларга суу каяктан келчү эле?

— Ала-Бука айыл өкмөтүнүн үч айылына сугат суу, мал иче турган суу Чуст каналынан келет. Ал канал Орто-Токой суу сактагычынан Өзбекстандын аймагына кирип, кайра чыккан соң үч айылга барат. Бирок, эки жумадан бери суу келбей жатат. Эч ким себебин билбейт. Эч кимдин иши жок, кабар алган адам да жок. Жалгыз Биринчи Май айыл өкмөтүнүн башчысы чыйпылыктап жүрөт. Эртең эпидемия чыга турган коркунуч бар.

— Жергиликтүү бийликтер билишпейт бекен эмне себептен экенин?

— Ошол айыл өкмөтүнүн башчысы чыйпылыктап жүрбөйбү. Анын колунан башка эмне келет? Ошон үчүн мен айтып атпаймынбы, ТИМ өзүнүн дипломатиялык каналдары аркылуу билиш керек. Эмне себептен кошуналар сууну өткөрбөй жатышкандарын. Кечээ чилде мезгилинде да суу өтүп аткан. Азыр жазгы талаа иштерин мындай коёлу, жөнөкөй иче турган суунун жоктугу, мал туруп калган сысык сууну ичип атканы коркунучтуу болуп атат.

— Мунун Орто-Токой суу сактагычын ратификациялоого тиешеси жокпу?

— Эч кандай тиешеси жок. Ратификация бүткөн. Суу чыгып турушу керек эле. Аны бизден караган адам жок болуп атат.

Барпы КАШКАЛДАКОВ

Булак: “Азия Ньюс”

Последние новости