www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын АКШ менен тынчтык келишимин түзүп, дипломатиялык мамилелерди орнотууга аракет кылат. Бул тууралуу бүгүн Түштүк Кореянын Donga Ilbo гезити өлкөнүн президенттик аппаратындагы өз булактарына таянып жазды.

Маалыматка караганда, Түндүк Кореянын лидери мындай ниетин Пхеньянда түштүк кореялык делегация өкүлдөрү менен жолукканда билдирген.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс АКШ Түндүк Корея лидеринин жолугушуу тууралуу чакыруусун кабыл аларын билдирген. Бирок ал Пхеньян өзөктүк программасын токтотуу үчүн конкреттүү чараларды көрмөйүнчө, эки өлкө лидери жолугушпай турганын белгиледи. Өз кезегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Твиттердеги баракчасына Түндүк Кореяга каршы киргизилген санкциялар өлкөнүн өзөктүк программасы биротоло токтотулгандан кийин гана алынарын жазды.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин АКШ менен денуклеаризация маселесин талкуулоо боюнча Пхеньяндын сунушуна өтө деле оптимисттик көз карашта болууга али эрте экенин билдирди.

Азырынча Трамп менен Ким Чен Ындын пландалып жаткан жолугушуусу кайсыл жерде өтөрү аныктала элек. Бирок Ак үй бардык варианттарды, анын ичинде АКШ президентинин Пхеньянга баруусун дагы караштырууда. Жолугушуунун Пхеньянда өтүшү мүмкүндүгү тууралуу "Известия" гезити Түштүк Корея өкмөтүндөгү булактарына таянып жазып чыккан.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости