www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коррупцияга аралашкан аткаминерлер мыйзамсыз иш аракеттеринде ар убакта акчага азгырылган жеңил ойлуу жарандарды пайдаланышат. Мындай көрүнүштүн кесепетинен коомчулуктун пикири бузулуп, өз элин азап-тозокко жектирет. Бийликке келген аткаминер жеке мүдөөсүн көздөп, керт башынын кызыкчылыгы үчүн кызматын тескери нукка салып, туура эмес багытта жүргүзгөндө башкаруу системасынын ашмалтайы чыгып, элине кедергесин тийгизип, сокку урушунун соңу жамандык менен аяктай тургандыгын тарых өзү тастыктады. Кырдаал курчуп, коомдогу олку-солку акыбал апогейине жеткенде албетте,прогрессивдүү жарандык коом тынч тура албайт.

Бийликтин шаалакылыгынан, өз элине болгон чыккынчылыгынан болуп өткөн 2010-жылдагы Бишкектин борбордук аянтындагы, Оштогу, Жалал-Абаддагы кандуу окуялар бат эле эсибизден чыгып,унутулуп калдыбы?Кыргызстандын тарыхында кара такка айланган төңкөрүш, кыргыз элине карата жасалган кыянатчылык бийлик бутактарына аздык кылабы? Болбосо, жогорку кызматка барган аткаминерлер мансаптан көздөрүн май басып, өткөн окуялардан сабак алаалышпайбы. Кээбир алкы бузук аткаминерлермурдунан алысты көрө билбеген жеңил ойлуу жарандарды кутумдукка, чагымчылдыкка түртүп, нааразычылык акцияларына чыгарып турганы алаканга салгандай ачык көрүнүп турат. Алыс кетпей эле,Тогуз-Торо районунда болгон нааразылык акцияларына байкоо салсак дал ушундай көрүнүшкө күбө болобуз.

5-мартта жергиликтүү активисттер атайын баш калаага келип, “24 kg” маалымат агенттигине келип, өткөргөн маалымат жыйынында чагымчылык маанайындагы агрессивдүү толкунду жараткан маалыматты коомчулукка таратты. Алардын айтымында, эгерде курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинат өз ишин токтотпосо, анда10-мартта Тогуз-Торонун эли аталган комбинатты талкалайт. Мындан улам “кимди ким көрдү, быржыбайды там басты” дегендей, ким каалаганын кыла бергидей, кыргызстандыктар мыйзамсыз мамлекетте жашап жатабызбы? -  деген суроо туулат. Тилекке каршы, коомго анархия жаратууну эңсеген Тогуз-Торонун активисттери Ак үйдө отурган бир ууру чиновниктин капчыгы болуп калышканын али сезише элек экендиги өкүнүчтүү.

Азыркы тапта алтын концентратын Кыргызстандан сыртка алып чыгууга ким кызыкдар? КРнын Жогорку Кеңешинин КСДП партиясынын депутаты Айнура Алтыбаева профилдик комитеттин жыйынында белгилегендей, жыл сайын 10 миң тоннаалтын концентраты чет өлкөгө алынып чыгарылат. 10 миң тонна алтын аралашмасын элестетсек, өзүнчө эле бир тоо. Мындай көлөмдөгүалтынды ит бекер сыртка ташып чыгууда албетте, кимдир бирөөлөрдүн кызыкчылыгы жок эмес.

Бийликте отурган аткаминер пара албайт деп эч ким кепилдикбере албайт. Ар бир концентратты өлкөдөн алып чыгуу үчүн лицензияга кол коюу ири өлчөмдөгү долларлаган акча каражаттары менен коштолот. «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси Алмаз Алимбековдун уруксат кагазы дагы сөзсүз берилет. Ошондуктанбы, айтор,  «Кыргызалтын»ААКнын жетекчилиги жанталашып жаңы курулуп жаткан комбинатка каршы турганы таң каларлык деле эмес. Ушундан улам «иттин өлүгү ушу жерде жатпасын»деген ой жаралат. Болбосо,КТР, ЭЛТР баштаган маалымат каражаттарынан байма-бай көрсөтүлүп, Тогуз-Тородогу нааразычылыктарды уюштуруучулардын лидерлери, мурунку жана азыркы таптагы «Макмалалтын» комбинатынынон чакты кызматкерлеринин аттары аталып, кайдан-жайдан чыкмак.

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким Т.Идирисов убагында жаңы курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинатка колдоо көргөзүп келген.Бирок, аким Идирисовдукайсы кара теке сүзгөнү белгисиз, ал учурда көшөгөартында тымызын майдандакомбинатка бут тосуу аракеттерин жүргүзүүдө. Серепчилердин байкоосунда, жогорудагы аталып кеткен «Кыргызалтын» ААК,«Макмалалтын» комбинаты, Тогуз-Торо районунун акими митингчилердин артында туруп, ошол эле Ак үй, Көк үйдөгү “катта” чиновниктердин буйрутмасын аткарып жатышкандай. Эң өкүнүчтүүсү булардын жеке кызыкчылыктарынан улам өкмөткө, кыргыз мамлекетинезалакасын тийгизүүдө. Айталы, «Макмалалтын» комбинатынын хвостохранилищасы эч бир стандартка жооп бербегендиктен, ушул убакта абаны кургатып, шамал болгондо чаң аралашып, Казармандын элин каптап, саламаттыгына доо кетирип жатат.
Алтын иштетүүдөгү заманбап технологияга ылайык, хвостохранилищада нымдуулук сакталып турушу зарыл. Анткени менен жетекчилердин жоопкерчиликсиздигинен хвостохранилища кургак бойдон калууда. Жыл сайын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт, айласы кеткен эл, “кайран ганасапырылган миллиондогон акчалар кимдин чөңтөгүндө?” – деп собол кылып, жообун эшите албай, түкшүмөл ойдо. Баарынан дагы хвостохранилищанын рекультивациялоого атайын эсепте акча каражаты барбы?- деген суроо туулат. Анткени, «Макмалалтын» азыркы тапта 250 миллион сомдун тегерегинде жоготууга учурагандыгы маалым. «Кыргызалтын»ААКнун жетекчилиги эмненин негизинде мындай ысырапкорчулукка жол берип жатат? Акционердик компаниянын уставы боюнча жетекчилик ишкананы атайын коромжуга учуратса, жетекчи КРнын мыйзамдарына ылайык, толук кандуу кылмыш жообуна тартылат. Бирок, А.Алимбеков эмнегедир суудан кургак чыгып, жоопкерчилик тарта элек. Мындай укук бузуучулук түзүлгөн жагдайда тиешелүү органдар тарабынан кылмыш иши козголууга тийиш, ошондой болсо да, мыйзам чөнтөгү калыңдарга таасир бербейби?

Өкмөт эмне үчүн мынчалык көлөмдөгү ири чыгашага жол берип жатат.Же бул каражаттардын  аркасы менен «Макмалалтын» комбинатын иштетип, көзөмөлсүз алтын алып жатышабы? АКС деген кайда?Каражатты көзөмөлдөгөн «Кыргыалтын» ААКнынбашчысынын орун басары Бектур Сагынов ач көздүгүнүн кесепетинен «шантажга»учураган. «Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт» демекчи, Бектур Сагынов 20 миң доллар айлык алып, жыл аягында Центеррадан 100 миң доллар алып жатса дагы, “аппетити” өзгөчө экендигин “Фабула“ гезити жазып чыккан. Бектур Сагыновдунаялы өзүн «Кыргызалтындын», “Кыр­гызское взморье” санаторийинин кожоюну сезип, тууган-уругун акысыз эс алдырганды адат кылып алгандыгын ал жакта эмгектенгендер каңырыктары түтөп, кеп кылып жүрүшөт. Жылына бир нече ирет ал жоро-жолдоштору менен обу жок эс алып, шапар тебишет. Өзү кылган иш, өз башына муш болуп, бекер эс алганынан артыгы чыгып, «Макмалалтын»комбинаты аркылуу кошумча каржылоого өтүүгө  мажбур болду. Суктугунан “шантажга” кабылган Б.Сагынов «Макмалалтын» комбинатына  мыйзамдан аша чаап, акча каражатын бөлүп жаткан кербези. Акыры коюла турган чоң суроо, КРнын премьер-министри баштаган“Кырк кадам” программасына ким түздөн-түз бут тосуп жатат? Мамлекеттин экономикасына карасанатайлык кылган, экономикалык диверсияга баш баккан үчүн ар бир кызматтагы адам жоопкерчиликтүү болушу керек. Болбосо, өлкөнү мыйзамсыз жолго салып жаткандардын жүзүн ачууга күч органдары милдеттүү. Ошол эле 250 миллион сомду коромжуга учуратпай, өлкөбүздөгү жаш муундар үчүн жетишпей жаткан мектептерден бешти салып койсо болмок. Жеке керт башынын кызыкчылыгын көздөгөн паракор, алдым-жуттумдарга Өкмөт өз көз карашын билдирип, алардын жосунсуз жоруктарына акыркы чекитти коюуга тийиш. Эл ушуну күтөт.

Укук коргоочу Азимжан Токоев, Базаркул Тургунбаева, Анарбай Орозов, Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости