www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстан Респубилкасынын биринчи президенти Ислам Каримовдун көзү тирүү болгондо быйыл 80 жашка толмок. Баардык нерсенин ордун толтурганы менен өлүмдүн ордун эч ким, эч качан толтура албастыгын баары эле өз убагында биле бербейт чыгар. Мындай кырдаалды бир гана башынан айрылуунун өткөргөн адам гана сезет.
Так ушундай эскерүүнү Ислам Каримовдун кичүү кызы Лола Каримова-Тилляева атасына эскерүүсүн жазды.
“Ата, сизди кайрадан түшүмдө көрдүм. Түштөрүмө акыркы күндөрү абдан көп кирип, айрым учурларда сиз биз менен адаттагыдай жашап жүрөсүз. Азыр гана коштошуп бир тарапка бара жаткандай сезилесиз. Түшүмдө мен сизге ар дайым эркелеп, бетиңизден өөп жатканда ойгонуп кетем... Ата сизди аябай сагындым...
Бир жыл мурун кабинетиңизге барып, иш үстөлүңүздө турган кол жазмаларыңызды алып келип, өзүмө катып койдум эле. Кечээ кызым Сафия (азыр алты жашта, сизге абдан окшош), сиздин кол жазмаңызды катып койгон жеримден алып чыгыптыр...көз жашымды тыя алган жокмун...Кичинекей алты жаштагы кызым башын көтөрбөстөн шоргологон көз жашын төктү. Бир аз убакыт өткөндөн кийин, мага карап: “Мен чоң атамдын мүрзөсүн зыярат кылып келишим керек. Ал бизди күтүп жатат”, деди.
Учурда ар кандай себептер менен Самаркандда эмеспиз. Ата сиз, өзүңүздүн эң кооз, сүйүктүү эне шаарыңыздын боорунда, өз элиңиз-перзенттериңиз, сизди жакшы көргөн адамдарыңызды күтүп жатасыз.
Мен сизди дагы түшүмдө көрдүм...бул түш эмес чын жашоодой...мен сизге жүзүмдү тийгизип, эркелеп бетиңизден өбө албасам дагы, жүрөктөрүбүз бири-бири менен сүйлөшкөндөй, мен сизди көрбөсөм дагы мени ар дайым күзөтүп жүргөндөй сезилесиз ата...
Булак:NazarNews.kg