www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районуна караштуу Орток айылынын тургундары жер көчкү кооптуулугу бар аймактан көчүүдөн таптакыр баш тартып, ал жердеги мектепти убактылуу ачып берүүнү бийликтен талап кылышууда. - 1998-жылы кооптуу аймактарда жашап жатышкан үй-бүлөлөргө бир нече ирет эскертүүлөр жасалган. Ушул тапта 33 кожолукту башка аймакка токтоосуз көчүрүү абзел! Мектеп имаратына дагы коркунуч күчөдү.

Ошондуктан, агартуу журтун аргасыздан жаптык,- деп чырылдады өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Сузак райондук бөлүмүнүн башчысы Алманбет Карабеков. – Баса, 1998-жылдан 2005-жылга дейре Орток айылындагы 133 кожолукка тең жер тилкелери берилген. А түгүл алардын ар бирине 250 миң сомдон ссуда дагы таратылган. Булардын 100 чактысы коопсуз аймактарга көчүп кетишкен. Ал эми 33 түтүн мамлекеттен жардам алгандыгына карабастан, дагыле жер которуша элек.

- Айлабыз таптакыр куругунда айылдагы Т.Алыбаев атындапгы орто мектепти жаап, окуучуларын Жашасын айылындагы Жуманазаров атындагы орто мектепке жайланыштырып жатабыз. Ал эми тургундарды окуу жылы аяктагыча айылдагы ФАПка которуу маселесин караштыруудабыз,- деди Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости