www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

 

Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкынан Суусамыр-Талас-Тараз жолун реконструкциялоого 50 миллион доллар өлчөмүндө кредит алат. Бул тууралуу Жол-транспорт министрлигинен кабарлашты.


Банк бул сумманы кредит түрүндө бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгү менен 25 жылга берет. Оңдоого муктаж болгон жолдун узундугу 93 километрди түзөт. Жол Талас облусунун кире беришинен тарта Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас райондорун камтыйт.

Толугу менен реконструкциялоого 105,2 миллион доллар кетерин министрликтен когумчалады. Бирок, акыркы чекитти Жогорку Кеңеш коёрин айтып, бул долбоор кароодо турганын белгилешти.

Буга чейин, 21-февралда Транспорт министринин орун басары Акуналы Досалиев башка донорлордон да кредит алууну көздөп жатышканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости