www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен  21 тез жардам унаасы алынды

Бишкектин Эски аянтында бүгүн, 27-январда Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен сатылып алынган "Соболь" үлгүсүндөгү 21 тез жардам унаасын тапшыруу аземи болду.

Бөлүштүрүү планына ылайык, Баткен облусундагы саламаттык сактоо мекемелерине - 9, Чүй облусундагы медициналык мекемелерге - 6, Талас облусуна - 2 тез жардам унаасы, Нарын облусуна - 3 жана Жалал-Абад облусуна бир тез жардам унаасы берилет.

Эске сала кетсек, Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан 66 тез жардам унаасы тапшырылган. Буга чейин 9 автоунаа Ысык-Көл облусундагы саламаттык сактоо уюмдарына тапшырылса, 26 унаа Ош облусуна, ал эми Жалал-Абад облусуна 10 тез жардам унаасы берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости