www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокулукутагы айылдарда чөөлөр аябай көбөйүп кетип атылууда

 Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаӊы-Жер, Жаӊы-Пахта айылдарынын жашоочуларынын арызы менен мергенчилер 5 чөө атышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

--«Сокулукутун төмөнкү зонасында айылдарда чөөлөр аябай көбөйүп кетти. Биз жакка мал союлуучу жайлар көп. Бир жагынан ошолордон чыккан калдыктарга келип жатышат окшойт. Экинчи жагынан мал-жандыкка да кол салып жатышат. Ошондуктан жергиликтүү жана кошуна айылдардагы мергенчилерге айтып, чакыртканбыз. Алар 21-январь күнү 5 чөө атышты. Эми келе жаткан дем алыш күнү да мергенчиликке чыгышат», - деп билдиришти алар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости