www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда Аскер прокуратурасынын алдына УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаевдин тарапташтары чогулду. Бул маалыматты анын катчысы Мээрим Асанова билдирди.

«Санкция кабыл алуу үчүн Биринчи май райондук сотуна алып барат деп күтүп жатабыз», - деди катчы.

Буга чейин Абдил Сегизбаевдин жубайы убактылуу кармоочу жайда аларды жолуктурбай жатканын, жада калсак жактоочусун да киргизбей жатканын билдирген.

Белгилей кетсек, Абдил Сегизбаев Аскер прокуратурасы тарабынан 25-январда камакка алынган болчу.

Өз кезегинде Абдил Сегизбаев убактылуу кармоочу жайдан үй-бүлөсүнө кат жолдогон.

«Салам, Айнура! Бардыгына салам айт. Сарсанаа болбогула. Баары Кудайдын колунда. Балдарды өөп кой. Баарыңарды жакшы көрөм. Баары өтүп кетет, башыңарды бийик көтөргүлө», - деп жазылган катта.

Эскерте кетсек, коррупцияга шектелип кармалган УКМКнын мурдагы төрагасы 10-январда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости