www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет маданиятка көңүл бурбайт деп наалыган маданият кызматкерлерин көрүп эле жүрөбүз. Бирок алардан айырмаланган каарманым мамлекетке нааразып болуп отура бербей бир гана Кыргызстанда эмес чет өлкөнүн шоу бизнесине аралашып дүйнө эли тааныган ырчылар менен мамиле түзүп алардын бир катарын мекенибизге алып келип концерт өткөрүп жүрөт. Бүгүн биз дүйнөлүк жылдыздар менен иштешип алардын концерттерин уюштурган Ислам мырза менен маек курдук.

-Ислам  саламатсызбы? Биз сизди дүйнөлүк жылдыздардын концертин Кыргызстанда уюштурган мекендешибиз катары билебиз. Чет өлкөлүк артисттер менен иштешүүңүздүн максаты эмне?

-Саламатсыздарбы? Атайын убакыт бөлүп маекке чакырганыңыздарга рахмат. Сиз айткандай эле көптөгөн артисттер менен иштешип келебиз. Башкы максатыбыз тажрыйба алмашуу, биздин өлкөнүн атын чыгаруу болсодагы бир максаты бул-коммерция. Концерттен сырткары чет элдик жылдыздар биздин жерибизде клип-кино тартып калган учурларда да биз аркылуу ишке ашырып келишет. Буга чейин  коңшу өлкөлөрдүн ырчыларын кошпогондо, Араш, Аксент,  Банд Эрос, Модерн Токинг топтору сыяктуу көптөгөн артисттерди алып келгенбиз. Алардын саны элүүдөн ашат, ар бирине кайрылып тарыхын айтып отуруунун кажети жок деп эсептейм.

-Февраль айында жергебизде  орун алган Филипп Киркоровдун болуп көрбөгөндөй шоусу көпчүлтүн бүйүрүн кызытты. Концерт өзүн актадыбы, кандай кыйынчылыктар болду?

-Кыргызстанда биринчи жолу океандын ары жагындагы Селин Диондун, дүйнөлүк футболдук матчтардын ачылыш-жабылыш аземдерин коюп жүргөн дүйнөлүк режиссер Франко Драгонинин постановкасы менен Киркоровдун шоусу болду. Жүздөн ашык бийчилер, 6-7 фура менен 100 тоннадай сахна жасалгалары келди. Бул концертке биз 1 жылдай даярдандык. Чыгым болбой мындай иш-чараны өткөрүү мүмкүн эмес, сөзсүз түрдө чыгымга учурадык. Өзүңүздөр билгендей ал киши бир канча мамлекеттин эл артисти наамын алган, опол тоодой кадыр-баркы бар. Андай адам өзүнүн кадырын арзан баалабайт. Бизде демөөрчү деген түшүнүк жок, эч кимге деле кайрылган жокпуз. Белгилей кетчү нерсе аты-жөнүн атагысы келбеген агаларыбыз чоң жардам көрсөттү.  Ошол эле учурда бардыке нерсени акча менен баалаган да туура эмес. Биринчи адамгерчилик, профессионалдуулук анан гана каражат маселеси роль ойногон учурлар болот.

-Чоң иш-чаралардын уюштуруучусу катары  айтсаңыз Кыргызстан кайсы тармактан аксайт, эмнени оңдогуңуз келет?

-Менин колумдан келсе көп нерсени оңдомоктун, тилекке каршы андай эмес. Мен маданият тармагынын оңолушуна салым кошо алам, андан башкага алым жетпейт муну моюнга алам. Бишкекте 1 айдын ичинде ар жерден көп кабаттуу үйлөр козу карындай эле өсүп чыгып калууда. Мени өкүндүргөн нерсе 5-6 миң кишилик концерттик залдын жоктугу. Бийик үйлөрдү салгыча ошондой чоң зал салып акча тапса неге болбосун? Биздин Спорт Ордосу деп аты айтып тургандай эле Киркоровду Спорт сарайга концерт өткөрүүгө көндүрүп алып келгеним үчүн жакында өзүмө-өзүм медаль тагайын деп атам (күлүп). Коңшу өлкөлөрдүн концерттик залдарын көрүп чындыгында ичим күйдү.

- Бул концерттин алдында өмүрү учурашпаган кишилер итимдин ден-соолугун сурап чала башташты дегениңиз бар?

-Туура, өмүрү бир дасторкондо отуруп чер жазышпаган адамдар дос болуп чыга келишти. Коомдук иш-чараларга ырдап берип кой дегенде асмандын башын айткан ырчыларыбыз чакыруу билетин бер деп урушуп-каргап салган учурларга күбө болдук. Кой ушундай жакшы иш болуп атыптыр, бир айда 20-30тойго чыгып атабыз 2-3миң сомго билет алып колдоп коёлу дешкен жок. Айла кеткенде айтылган сөз болчу ал.

-Мындан сырткары сизди Киркоровдун коңшу Өзбекстанда өткөн концертинде да уюштуруучу  болгонуңузду кулагым чалып калды эле?

-Киркоров менен ага-ини катары жакшы мамиледемин, устатым десем да болот, көп нерсе үйрөндүм. Анын Борбордук Азиядагы концерттерин уюштурдум. Астана, Бишкек, Ташкентте Орусиянын эстрадасынын поп-королунун концерттин мен баштаган «Гамма Медиа» командасы  менен чогуу иш алып бардык. Ортодо ишенич болгон үчүн ал мага мындай жоопкерчиликтүү ишти тапшырды.

-Чет өлкөдөн келген артисттер Кыргызстандын эмнесине көңүл бурушат?

-Менимче алар тамак-ашыбызга, улуттук салттарыбызга жана музыкабызга көбүрөөк көңүл бурушат. Себеби алар да маданияттын кишилери  да. Баамымда эч бир жылдыз бул жаатта нааразы болуп кеткен эмес.

-Дүйнөлүк жылдыздар кол жетпеген жылдыздай сезилет, алар менен аралашып жүргөн адам катары кандай мүнөдөй аласыз?

-Алар менен тил табышып сүйлөшүү оңой эмес. Эгер жакындан таанып достошуп алсаң алардан өткөн ак көңүл жана бала кыял адам жок. Бой көтөрүү, жылдыз оорусу деген түшүнүк эч биринде жок. Болгону өздөрүнө татыктуу, ыңгайлуу пункттарды келишимге киргизип алышат. Мисалы, тамак-ашы, жаткан жери, жуунган самыныбы айтор ушул сыяктуу бири-бирине окшошпогон өзгөчө пункттар болот. Бирок ошого карабай алар менен иштешүү алда канча жеңил, биздин ырчыларга караганда алар менен өзгөчө эргүү менен иш алып барасың.

-Билишимче сиз алып келип жүргөн артисттер өзү менен кошо ашпозчу, даарыгерин жада калса иттерин чогуу алып жүрүшөрү тууралуу кабарым бар, бул жаатта маселе жаралган жокпу?

-Жакшы суроолор болуп атат, окурмандарга деле кызык болуш керек. Ар биринин өзүнө жараша техникалык жана тиричилик келишими болот, аны райдер деп коёт. Киркоровдун 4 жансакчысы, ашпозчусу, тамагын көзөмөлдөгөн врачы, давлениясын ченеп тура турган дагы бир врачы, 4 кийим үтүктөгүчү, 20 дан ашык техникалып топтун жумушчулары, 80ден ашык бийчиси менен келди. Тамак-ашты ылгап жешет. Кээде бизде жок балыкты, чаяндын бутун буйрутма берип калган учурлар болот. Андайда аларды чет өлкөдөн алдырабыз.  Мисалы Киркоров иче турган сууну биз Кыргызстандан иче турган сууну 1 жума издеп таппай аягында Астанадан алдырууга туура келди. Анын баарына даяр турабыз.

-Сизди жакында Женифер Лопестин концертин өткөрөт деп жүрүшөт?

-Женифер Лопести буга чейин башка өлкөлөргө,  жабык кечелерге алып келип эле жүрөм. Анын менеджерлери менен түзмө-түз сүйлөшөм. Ал ырчыны алып келүү кыйынчылык деле жаратпайт, алып келишим мүмкүн, учурда сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

-Ушундай эле жогорку деңгээлдеги концерттерди биздин ырчылар менен биргеликте өткөрсө болобу?
-Биздин таланттуу адамдардын баарын баалайм, эч бирине шек келтиргим келбейт. Тилекке каршы биздикилердин деңгээли тойдон ашпай атпайбы. Тоймо-той чуркап эт кайнаган жерден чыкпай жүрүшсө, иштешпесе, жакшы ыр жаздырбаса, сапатка карабай арзанына качып эптемей аранжировка жасап атса кантип иштешесиң? Чынын айтканда аларды  түшүнбөй кетем, алар менен сүйлөшүү кыйынчылык жаратат. Биздин ырчылар качан оңолуп, деңгээли жогорулап той бизнесинен арылып, шоу бизнес менен иштей баштаганда биз алар менен сөзсүз иштешебиз.  Той деген да жакшы, каражат табышат. Бирок тойго эле жабышып алган болбойт да. Ырды да тойго ылайыктап эле жаздырышат. Ошого карабай Нена деген таланттуу кесиптешибиз менен Жамийла Муратованын 2018-жылы өтө турган концерттерин дүйнөлүк деңгээлде уюштурууну сүйлөшүп жатабыз.

-Ишиңизге ийгилик!

Диана Айдарова

Булак: "Айгай"

 

Последние новости