www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-майда, спикер Чыныбай Турсунбеков менен депутат Асылбек Жээнбеков Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун жергиликтүү кеңештеринин депутаттары жана айыл башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттары Кара-Кулжа районундагы суу, жол, бала бакча, оорукана, мектеп сыяктуу социалдык мекемелердеги көйгөйлөрдү көтөрүшкөн. Ага Асылбек Жээнбеков мындай деп жооп берген: "Жергиликтүү кеңештин депутаттары да элет элинин көйгөйүн чечүүгө багытталган долбоорлорду иштеп чыгуусу керек. Айрыкча, түрткү берүүчү гранттарга долбоор жазуу менен бир катар маселелерди чечип алууга болот".

Ал эми спикер: "Жергиликтүү кеңештердин депутаттары катары элет элинин көйгөйлөрүн чечүүдө сиздердин ролуңар өзгөчө. Андыктан, жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте элет тургундарынын көйгөйлүү маселелерин учурунда көтөрүп, анын чечилишине да өз салымыңарды кошоруңарга ишенем. Ал эми Жогорку Кеңеш сиздерди дайым колдоого даяр", - деди.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости