www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роза Шакирова-бул ырчы тууралуу айта турган болсок  жылдан-жылга бул айымдын кийинүү стили гана эмес деги эле сырткы келбети толугу менен жакшы жагына өзгөрүүдө. Бир кездеги каре кыркылган сап-сары чачы эсиңиздеби? Чындыгында өзүнө жарашпай, аны абдан жөнөкөй көрсөтөт эле. Ал эми эл көзүндөгү адамдар үчүн мындай көрүнүш туура эмес.

Роза эжекебиз турмушка чыкканы болуп көрбөгөндөй өзгөргөнүн азыркы келбетинен байкоого болот. Учурдагы күрөң түстөгү жарашыктуу кыркылган чачы өзүнө куп жарашканы менен эмнегедир Гүлнур Сатылганованын стилин эске салып, Роза Шакирова Гүлнур Сатылганованы туурайбы деген ой келбей койбойт. Роза айым акыркы убакты түз фасондогу көйнөктөргө басым жасап калды. Күнүмдүк жашоодобу же сахнадабы аны тизеден бир аз ылдый эч кандай ашыкча нерсеси жок түз фасондогу көйнөк менен көрүүгө болот. Роза айымдын буттары ичке болгондуктан мындай фасондогу көйнөктөр анын үстү толук, бут жагы өтө ичке экендигин даана көрсөтүп  коёт.

Байкасаңыз бул айым көбүнчө кара түскө басым жасайт, балким бул арык көрүнүүнүн айласы болуп жүрбөсүн. Кара түс адамды арык көрсөткөнү менен сахна үчүн кара түстөгү көйнөктөрдөн алыс болуу керек экендигин бары эле билсе керек. Улуттук стилде тигилген сары түстөгү көйнөгү Роза айымды оголе толук көрсөтүп көйнөктүн түсү да анчейин ача бербейт.

Булак: "Айгай"

Последние новости