www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО-

Оор кезеңдерде өз элинин таянаар тоосу, сүйөнөөр бутагы болуп айтып бүткүс жардамдарын берип жатышкан Матраимовдор бул ирет Аксы элине дагы жардам колун сунушту.

   "Исмаил Ата" фонду Аксы районуна ун, май, азык-түлүк таратышып, фондуна жергиликтүү бийлик жана эл Матраимовдорго жана аталган фондго өз ыраазычылыгын билдирип, төмөнкүдөй видео жиберишти.

Аксы районунун Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонова Жылдыз өз ыраазычылыгын билдирген.

Аксы райондук Жаштар кеңешинин төрагасы Кочкорбаев Эламан.

Кикбоксинг боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Касымбеков Уланбек.

Эске сала кетсек, буга чейин дагы “Исмаил Матраимов” кайрымдуулук фонду COVID-19 вирусун жоюуга каршы, коомчулукка, азык-түлүк, медициналык бет каптар, жасалма дем алдыруучу жабдыктар жана коронавирусту аныктоочу экспресс-тесттерди беришкен. Ошондой эле, 21-марттан тарта Кыргызстандын бир нече аймактарына 500 тонна ун, 50 тонна өсүмдүк майы жана 200 миӊ даана бет кап өлкө аймагындагы вирус катталган аймактарга таратыла баштагандыгын коомчулукка жарыялаган.

Кечээ, 29-мартта COVID-19 илдетин аныктоочу 10 000 экспресс-тест фондго келип түшкөн. Алар гуманитардык линия аркылуу Ош шаарынын профилактикалык жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөл ооруканасына берилди. Жакынкы арада дагы 10 000 тест келиши күтүлүүдө.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, Райымбек Матраимовдун дагы 10 стационардык жасалма дем алдыруучу жабдыктарды алып келдирип, тиешелүү кызматка тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости