www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жо Байден АКШ өкмөтүн коронавируска байланыштуу Иранга каршы санкцияларды азайтууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Америка саясатчысы Жо Байден билдирүү жасап, АКШ өкмөтүн коронавируска байланыштуу өлкө менен Иран өкмөтүнүн ортосундагы келишпестиктерге карабастан, Тегеранга каршы Вашингтондун санкцияларын кыскартып турууга чакырды.

“Дүйнө коркунчта турган учурда, АКШ жетекчиликте турушу керек. Коркунучтуу эпидемияда эч кандай чек жок болуп турган учурда АКШ бул вирус жайылып жаткан өлкөлөргө, анын ичинде Иранга кандай жардам кыла алса дагы, сунушташы керек. Биз Америка элинин ден-соолугун биринчи орунга койгонубуз менен, Трамптын өкмөтү Ирандын гуманитардык жардамга жетүүсүнө бөгөт коюп, мыкаачылык кылды”, - деди Жо Байден.

Ошондой эле бул эпидемияны бардык өлкөлөрдө токтотуу үчүн биргелешип иштешибиз керек”, - деп кошумчалады АКШ саясатчысы.

Белгилей кетсек, акыркы 24 саатта АКШда бул илдеттен 1169 киши көз жумду. Натыйжада өлгөндөрдүн жалпы саны 6 миң адамдан ашты. Ал эми оорудан 9 миңдей киши айыгып чыкты. Өлкө боюнча жалпы 245 380 адам вирусту жуктурган.

АКШнын президенти Дональд Трамп жагдайга байланыштуу: «Элибиздин алдында оор күндөр турат. Алдыдагы бир нече апта, өзгөчө бир нече күн абдан коркунучтуу болот. Бирок эң оор учурларда деле, америкалыктар чөккөн эмес. Коркууга алдырбайлы. Биримдикте бололу. Биз жеңип чыгабыз», - деди.

3-апрелге карата коронавирус 181 өлкөдө катталып, ага чалдыккандардын саны 1 миллион адамдан ашты. Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, алардын 53 миңден көбү көз жумду. 212 миң киши айыгып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости