www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска байланыштуу дүйнө эли, анын ичинде кыргыз эли да айласын таппай убара тартып турган чагы. Белгилүү дарыгер Омарбай Нарбеков да бийликке жана элге азыркы кырдаал боюнча өз пикирин  билдирди. Дарыгердин кайрылуусу төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Урматтуу туугандар, мен кайдыгер жаран болсом, “бириң өлүп, бириң кал!” деп, үйдө бопоюп отура бермекмин. Элдин башын кырсык каптап, эл бечара чырылдап турса, тынч уктай албадым. Бүгүн аты жаман ооруну жуктургандардын саны 130га жетти. Обсервацияга жаткан андан көп, үй шартында карантинге алынган мындан көп. Өкмөт дале элдин оозуна упчу салып, жооткотуудан башка эч нерсеге жарабады. Таажы вирусуна чалдыккандарды кайсы дары менен дарылаганын деле билбей жатабыз, аларга дарыдан башка, дагы кандай кошумча препараттар берилгенинен кабардар эмеспиз. Керелден кечке: “Бет кап таккыла, эшикке чыкпагыла, баланча адам бейчеки басып кармалды" деген маалыматтан башка эч нерсе укпадык.

Россиянын президенти Путин азамат экен. Кыраакы өлкө башчысы, кечээ минтип айтты: ”Эпидемиянын туу чокусу өтө элек, бир айлык маянаңар толугу менен төлөнөт!” деп, вирустун курч стадиясын аттап өтүү үчүн өзгөчө абал жарыялабаса да, үйдө отурууга таратып жиберди. Элин ойлогон эрен ушинтип чечкиндүү кадамга барат. Биздин өкмөт унчукпай отурат, элдин бир-эки айлык маянасын берип койгондо калк мынчалык сарсанаага түшпөйт эле...

Талаптагыдай тамак ичпесе, иммунитети начар адамды, таажы вирусу талкалап коёт.

Дүнүйө жүзүндө коронавирусту жуктургандардын катары млндон ашып кетти. Орустардын мамлекеттик, коомдук, жеке менчик телерадио каналдары күн сайын бул илдетке каршы тегерек стол уюштуруп, ага көрүнүктүү биотехнолог, инфекционист, вирусолог, эпидемиологдорду чакырып, калың массанын арасына, пандемиянын күнгөй-тескейин айтып, элди медициналык жактан сабаттуу болууга системалык түрдө киришти. А биздин телеканалдар тыптынч, жымжырт. Чыгып айтып берүүгө эч кимиси шарт түзбөй, байланышсак жооп берүүгө желкеси жар бербегендерден түңүлүп калдым. Жеке каналдарга барсаң очойгон акча сурайт. Ал эми биздин КТРК менен ЭЛТР узакка созулган летаргиялык уйкуга кетти.

Илгери союз кезинде (Минздравдын алдында) окумуштуулардын илимий кеңеши болор эле, ошол жерде мейли ал кургак учук, өсмө дарты, балдардын өлүмү туурасында көйгөйдү кызыл чеке болуп талашып, бир пикирге келип, ар бирибиз сунуш берер элек. Ошол салт, рынок экономикасы учурунда жоюлуп кетти. Маркум Ленин: “Коллективный разум превыше всего!” деп тегин жерден айткан эмес. Союз кезинде орус вирусологдору менен бирге иштегендиктен, эпидемиянын алдын алуу боюнча дарылоонун системдүү этабын иштеп чыкканмын.

1. Бизде обсервация жана үй карантине жаткандар 9 миңге чукулдап калды. Булар эртеңки күнү коронавирус менен потенциалдуу ооруй турган шек жаратуучу чоң топко кирет. Буларды түтүн терапиясына жараган ВИРАНТТЫ палатасына же бөлмөсүнө чачып, кечинде ошол эле мейкиндикти РЕДОПИТ аэрозолу менен чачыш керек;

2. Таажы вирусунда өпкөнүн түтүкчөлөрүнө шүйшүн, илешкек коюу какырык, жабышкак кан аралаш түкүрүк толуп, өпкөнүн этегине суу толуп, дем алууну бууп салат. Мындай учурда өпкөнү кадимки эле Кочкордун 2 пайыз стерилдүү тузу менен жууш керек.

3. Коронавирус жуктургандарга АЛТЫНАЙ дарысын 50 граммдан 3 маал ичириш кажет;

4. Жаз келип, адамдын организми алсырап, иммунитетти бекемдөө максатында, өзүм ойлоп таап, аны ичүүгө сунуштай турган ”Тянь-Шань мүрөгү”, ”Кара-Бото”, ”Кудурет”, ”Нежность” бальзамын алып ичсеңер, дене бойдун кубаттуулугун, иммунитет маселесин кадимкидей көтөрөт. Бул дарылардын сапатын арттырууда, 30 жылдай өмүрүмдү сарптадым.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Мухаммедкалый Дүйшекеевич, жүздөгөн дарынын автору катары, өзүм ойлоп тапкан препараттарды жер-жерлерге алып барып, мен ойлоп тапкан системалуу методду дарыгерлерге үйрөтүп, түшүндүрүшүм керек, эпидемия массалык түрдө тарап кетпеш үчүн профилактикалык максатта региондорго чыгып, эл менен тыгыз иштөөгө убактылуу унаа, өткөрмө кагаз (пропуск) маселесин чечип берсеңер дурус болмок. Элдин саламаттыгынан эч нерсени аябаш керек.

Урматтуу улуу-кичүү боордошторум, кыргызда бир жакшы учкул кеп бар,”Ишенген кожоң сууга акса, алды алдыңдан тал карма!”,-дейт. Өкмөтүнө да, министрине да кайрылдым, уга турган адам жок. Элдин ден соолугу буларды кызыктырбайт окшойт. Азыр мага региондон улам “звандашып”, дарыны кантип алып кетсек дегендердин саны арбыды, бирок коменданттык саатка байланыштуу, жеткирүү жагы аксап турат. Россияда ооруканалар менен катар, жеке медициналык борборлор шакылдап иштеп атат, а биз офиске барып иштөөгө, ӨТКӨРМӨ алалбай убарабыз. Бүгүн окуп калдым, Дүйнөлүк банк өлкөбүзгө пандемияны дарылоо үчүн 12 млн доллар бериптир, кана эми ошону дары жасоо менен шугулданган бизге окшогондорго, каржы жагына маани берип, сырье алганга көңүл бурса жакшы болбойт беле! Үмүт чиркин өчө элек, жалп этип жарык берсе деп жашап туралы...",-деп сөзүн аяктаган Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык Академиясынын президенти, КМШ Эл аралык Фитоборборунун Президенти, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек синирген ишмери, Калифорния илим, билим, өнөр жай жана Искусство Академиясынын, Казакстан экология Академиясынын академиги.  Эл агартуунун отличниги, Апрель революциясынын баатыры Омарбай Нарбеков.

Нарбеков Оморбай Нарбекович | Медицинский центр академика ...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости