www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлдөө максатында Жалал-Абад областынын өзгөчө абал киргизилген аймактардагы посторунан кабар алды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунунун комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ал областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов менен биргеликте Сузак районундагы  өзгөчө кырдаал киргизилген айылдарга жугуштуу илдет оору тарап кетпешин алдын алууга байланыштуу коюлган атайын блок посттордо кызмат өтөгөн тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жолугуп, ал жерде жаралган  жагдайлар, элдин арыздары жана сунуштары менен таанышып чыкты. 

Министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков посттордо пайда болгон көйгөйлүү маселелер жана аныкталган кемчиликтер боюнча жеринде чечип, ошондой эле кызматкерлердин өз деңгээлинде кызмат өтөөсү үчүн жеңилдиктерди карап шарттарды түзүп берүүгө жетише алды. 

Ошол менен катар кызматкерлерди берилген тапшырманы так аткарып, эл арасында жаралган маселени түшүнүү менен кабыл алып, алгач ден соолугуна байланыштуу ооруканага бара жаткан жарандарды, азык-түлүк менен камсыздап жаткан жүк ташуучу унааларды өткөрүп, ал эми медицина кызматкерлерине сырттан келген атуулдарды текшерүү менен катар тиешелүү дезинфекция иштерин жүргүзүү керектигин жана мыйзамдуулук менен иш алып барып, элдерге сылык мамиледе кырдаалды туура түшүндүрүү зарылдыгын белгилеп, өздөрүн дагы жугуштуу оорунун алдын алууга чакырды. 

Ал жергиликтүу тургундарга – “Ички иштер органдарынын шартка байланыштуу коомдук тиртипти сактоо максатындагы мыйзамдуу талаптарын туура түшүнүү менен кабыл алып, аны аткаруу керек, коомдук тартипти сактоо иш-чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп жаткандыктан жоопкерчиликтүү мамиле кылалы, коомдук тартипти бузууга жол бербейли. Биз үчүн эң маанилүү байлыгыбыз болгон – ар бир жараныбыздын ден-соолугу жана өмүрү кымбат, ошол себептүү ар бир кызматкер өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун  суранамын жана талап кыламын”, - деди Сүйүн Өмүрзаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости