www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Исмаил Исакович, 2024-жылга чейин Кичи жана Улуу Памирдин аймагынан 1,5 миң этникалык кыргызды Ооганстандан алып келүү пландалууда. Бийликтин бул аракети колдоого аларлыкпы?

– Төрт жүз үй-бүлөнү Улуу Памирден алып келүү кимдин планы болду экен? Авантюралык жана популисттик иш менен алек болуп, элдин башын айлантып жүргөн кишинин планы эле болбосо, бул план терең ойлонбогон, экономикалык жактан эсептелбеген, каржы, жумуш, жашоо жери, үлүш жер, малдарына жайыт жер маселелери такталбай туруп айтылышы мамлекеттик «подход» эмес. 

2017-жылы бир нече үй-бүлө алып келинди эле го? Жыйынтыгы эмне болду? Албетте, алып келебиз, жардам беребиз деген сөздөр кимге жакпасын, баарыбызга жагат. Андай сөзгө ким каршы чыгат? Бирөөбүз дагы каршы чыкпайбыз. Бирок аны аткаруу үчүн бардык тарапты камтыган, бир нече этапка бөлүнгөн, коом менен макулдашылган, жок дегенде үч жылдык каржы маселеси такталып, мыйзам менен бекитилген, чоң мамлекеттик программа иштелип чыгыш керек. 

Бул жерде геосаясат маселесин дагы карап чыгуу зарыл. Себеби, илгери Вахан коридорун Ооганстанга бергенде биздин кыргыздар Британ менен Орус империялары арасында буфердик зона болуп, эки империянын ортосунда эбегейсиз маанилүү ролду ойноп турган. Ошонун негизинде Захир-шах учурунда Рахманкул-хан 1970-жылдары Ооганстандын парламентинин депутаты, Вахандын губернатору деген макамга болгон. 

Кыргыздар салык төлөгөн эмес, шахтын атайын указы менен салыктан бошотулган, ооган жарандарынын ичинен жалгыз салык төлөбөгөн – кыргыздар эле. Андан көрө Биринчи мөөнөттө ооган бийлиги менен сүйлөшүп, аларга мамлекеттик деңгээлде бардык тараптан камкордук көрсөтүүлөрүн чечүү зарыл деп ойлойм. 

Биз жардам берип туралы, ооган өкмөтү менен сүйлөшүп, волонтёрлорду балдарын окутууга жөнөтөлү, окуу китептерин жана керектүү материалдарын берип туралы деп. Бирден-экиден келем дегендерди кабыл алып, шарт түзүп, каржы маселесин, медициналык тейлөө ж.б. маселелерин мыйзамдын негизинде бекитип берели. Алар дагы билсин, биздин коом дагы билсин. Ушуларды аткарбай туруп «алып келебиз» деген сөз – болбогон сөз.

– Оппозициялык кыймыл Таласка барып, жыйын өткөрүп келипсиңер. Эл кандай кабыл алды?

– Таласка абдан жакшы барып келдик. Уюштуруучулар жогорку денгээлде даярдаптыр. Аларга чоң рахмат. Эл менен сүйлөштүк, алардын маанайын билдик. Эмоцияларын сыртка чыгарышпаса дагы, ичтеринде кайнап жаткандарына күбө болуп келдик. 

Мага сөз беришти эле, чакыргандарына ыраазычылык билдирип, өз оюмду айттым. Апрель баатырларына таазим эстелигин ачуу аземине чакырганына терең ыраазычылык билдирдим. Жакшылыктын кечи болбойт дегендей, эстелик 12 жылдан кийин ачылып жатканы – бир жагынан, Кудайдын буйруган саатына туура келсе керек. 

Экинчи жагынан, Апрель окуясын чыгарган, күнөөкөр К.Бакиев, бийликке келген тарапташтарын пайдаланып, 6-7-апрель жана июнь окуяларын башка нукка буруп, өзүн актоо максатта, болуп көрбөгөндөй аракет кылып жаткан учурда эстеликтин ачылып жатканы, анын кара ниет ойлорунун таш-талканын чыгарууга багытталган, Манас атабыздын арбагы дагы колдоого алган жакшылыктын жышааны десем жаңылбасам керек.

Үчүнчү жагынан, 12 жыл мурун Таласта, Алайда, Нарында жана Бишкекте биздин азаматтарыбыздын дүйнөнү таң калтырган эрдиктерин, тайманбас баатырдык касиеттерин даңазалоо жаш муундарды тарбиялоого, мамлекеттик идеологияга айлантууга мындан ары реалдуу түрдө жол ача турган иш экенин баса белгилесек болот.

– Эмне себептен биз жогорудагы айткандарга барышыбыз керек?

– Эң негизги себеп – апрель баатырларынын алдыга койгон максаттарынын бири дагы ишке ашкан жок. Тескерисинче, мыйзамсыздык орун алууда, жарандардын укуктары камсыз кылынгандын ордуна зөөкүрлүк, куугунтук күчөп, бардык бийлик бутактары жоопкерчилиги жок бир адамдын колуна өттү. Мындай бийлик Акаев менен Бакиевдин түшүнө дагы кирген эмес. 

Экинчи себеп – апрель баатырларыбыздын эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын, окко тике карап көкүрөгүн тоскон, баатырдык касиеттерин бурмалоо же башка нукка буруу аракеттеринин жүрүп жатканы.

Үчүнчү себеп –  Жогорку Кеңештин трибунасынан 24 жылга кесилген кылмышкерди колдоого алган кээ бир депутаттардын үндөрү.

Мына ушул үч себептин негизинде биз Апрель революциясынын максаттарына жетүү үчүн анын тарыхый миссиясын реалдуу түрдө улантышыбыз зарыл. Мисалы: Англиядагы буржуаздык революция 20 жылга уланса, Франциядагы революция 10 жылга уланган. Орусиядагы Октябрь революциясын дагы бир нече периодго бөлсө болот.

– Апрель революциясынын тарыхый миссиясын улантуу үчүн эмне кылыш керек?

1. Апрель элдик революциясынын өз максаттарына жеткирүүгө болгон иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн борбордук жана региондук уюмдарды жандандыруу менен элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

2. Бийликтен төмөнкүлөрдү талап кылуу:
– Апрель элдик революциясы боюнча теманы окуу программаларына киргизүүнү;
– Бакиевдин үй-бүлөлүк режимине кызмат кылып, 2010-жылы апрель-июнь окуяларына алып келген атка минерлерди кызматтарынан четтеттүүнү жана коомчулук аркылуу алардын тизмелерин жарыялоону;
– Бир адамдын абсолюттук бийлигинен баш тартуу максатында, Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен тең салмактуулукту сактаган парламенттик башкаруу системасына өтүп, бийликти борборлоштуруудан ажыратуу жана сот бийлигин толугу менен реформалоого барууну;
– Саясий куугунтукту токтотуу менен саясий өңүттө камалгандарды бошотууну;
– Айлап-жылдап саясий мотив менен кармалып, соттон акталып же иштери кыскартылган жарандар боюнча камаган соттордун, прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн жоопкерчилигин кароо менен алардын персоналдык тизмелерин жарыялоону;
– «Кумтөр» боюнча кол коюлган келишимдерди толугу менен ачыкка чыгарууну;
– 2021-жылдын 28-29 апрелиндеги Баткен согушунун чыгышына себепкер болгон жана аймактын бүтүндүгү менен кол тийбестигин камсыз кылбаган коргонуу жана коопсуздук маселесин тейлеген мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароону;
– Ташкенде кол коюлган «Кемпир-Абад» менен «Орто-Токой» суу сактагычтары боюнча жана Тажикстан менен кол коюлган 39 протоколду жокко чыгарууну;
– «Кустурулгандардын» мамлекетке реалдуу келтирген зыяндарынын көлөмдөрү, төлөнгөн суммалар менен алардын сарпталышы боюнча отчет берүүнү. 

Мына ушул талаптар аткарылганда Аапрель революциясы өз максатына жетет, – дейт Исмаил Исаков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости