www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев бейформал сый тамактын соңунда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун алкагында театрлаштырылган оюн көрүштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, “Nomad” этно-комплексинин амфитеатрында сыйлуу конокторго “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү.

Мындан мурда президенттер кеме менен Ысык-Көлдө сейилдешкен, андан соң Садыр Жапаров, Шавкат Мирзиёев жана Касым-Жомарт Токаев этномаданий туризм менен таанышып чыккан.

Белгилей кетсек, Мирзиеев менен Токаев кечээ, 20-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келишкен.

БА лидерлеринин саммитине ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов катышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости