www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда окуу жылын эки аптага узартуу пландалууда. Бул тууралуу агартуу министринин буйругунун долбоорунда айтылат.

Документке ылайык, 1-класстарда окуу жылы эми 35 аптага созулат. Азыркы эрежеде 33 апта деп көрсөтүлгөн. Министрлик калган класстарда окуу жылын 36 жума деп белгилөөнү сунуштоодо (азыр 34 апта).

Буйруктун долбооруна караганда, күзүндө окуучулар 7, кышында 9, жазында 9 күн эс алууга чыгышат. 1-класстардын окуучулары кышында кошумча дагы 7 күн эс алат.

Министрлик жайкы каникулду кыскартуу балдардын мурунку жылы алган билимин унутуп калуу тобокелчилигин азайтат деп эсептейт.

2022-2023-окуу жылында сабак салттуу түрдө 1-сентябрда башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости