www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Түркия, Сауд Арабиясы жана Бириккен Араб Эмирлигине Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук кызматтарын сунуштаганы үчүн ыраазычылыгын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Украина менен сүйлөшүүлөр учурунда Түркия Сауд Арабиясы сыяктуу эле ортомчу болуп берүү сунушун киргизген. Бириккен Араб Эмирлигинин дагы ушундай мүмкүнчүлүгү болду. Биз бул досторубузга абдан ыраазыбыз. Кырдаалды жөнгө салууга кандайдыр бир салым кошууну каалоо дагы баалуу нерсе", — деди Путин.

Эске салсак, кечээ Тегеран шаарында Астана форматындагы саммит болуп өткөн. Анда эл аралык маанидеги маселелерге көбүрөөк басым жасалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости