www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев бүгүн, 20-июлда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Nomad» этнокомплексинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында уюштурулган этномаданий программа менен таанышты.

Этнокомплекске келген өлкө башчыларын алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.

Андан кийин Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, кол өнөрчүлөрдүн: улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.

Мамлекет башчыларына ошондой эле салбуурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү, андан соң бейформал сый тамакка киришти.

Последние новости