www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бельгияда маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны 311ге жетти. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо институту Sciensanoнун маалыматына караганда, бардык учурлар 20 жаштан 65 жашка чейинки эркектерден турат.

Дээрлик бардык бейтаптарда териде исиркектер, ысытма, лимфа бездери шишип, алсыроо сыяктуу жалпы симптомдор бар.

Эндемикалык вирус себеп болгон сейрек кездешүүчү оорулардын бири маймыл чечеги Конго жана Батыш Африка түрү болуп экиге бөлүнөт.

Көбүнчө жаныбардан адамга, кээде адамдан адамга жугуучу вирус дене табын көтөрүп, кычыштырган ыйлаакчаларды пайда кылат.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл башынан бери бул илдеттен 3 адам каза болсо, 3 миңден ашуун учур аныкталды.

Последние новости