www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12 жаштагы кыздын порно бизнеске аралашкандыгы боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу «Оазис» фондунун жетекчиси Мээрим Осмоналиева билдирди.

Анын айтымында, кылмыш Чүй облусунда болгон. Ал учурда кыз 10 жашта болчу. Бир кишинин эки жылдан бери порнографиялык материалдарды таратып жүргөнү америкалык атайын кызматтар тарабынан аныкталган. Андан соң АКШнын Мамлекеттик департаменти бул маалыматты кыргыз бийлигине берген.

Осмоналиеванын айтымында, кыздын өгөй атасына төмөнкү беренелер боюнча кылмыш иши козголгон:

155-берене "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер";
162-берене "Баланы порно бизнеске тартуу";
156-берене "Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлоо";
161-берене "Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу".

Эске салсак, буга чейин "Оазис" фондунун жетекчиси,  уюм өгөй атасы тарабынан порно бизнеске аралашкан 12 жаштагы кыздын окуясы боюнча иш алып барып жатканын социалдык тармактагы баракчасына билдирген. Ал адам өгөй кызынын видео жана сүрөттөрүн эл аралык порно сайттарда сатып жүргөн. Кыз эки жылдан ашык убакыт бою зордук-зомбулукка жана сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости