www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ханзаада Рахим Аль-Хусейни Ага Хан Ѵ өзүнүн атасы 88 жашында Португалиянын Лиссабон шаарында көз жумган Карим Аль-Хусейни Ага Хан IѴнүн керээзи ачылгандан кийин шиит-исмаилиттердин имамы (рухий лидери) болду.
Рахим Ага Хан V 1971-жылдын 12-октябрында туулган. Ал маркум Карим Ага Хан жана анын биринчи жубайы Салиманын биринчи уулу.
Исмаилиттердин жаңы лидери Андовердеги Филиппс академиясында билим алган жана 1995-жылы Браун университетин бакалавр даражасы менен аяктаган.
Рахим Ага Хан менен мурдагы жубайы Сальва экөөнүн эки уулу бар: Ирфан (2015) жана Синан (2017).
Исмаилиттердин жаңы имамы Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын көптөгөн агенттиктеринин директорлор кеңешине кирет жана Исмаилит изилдөө институтунун жана Исмаилит коомунун социалдык башкаруу институттарынын ишине көзөмөл кылат.