www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Вашингтондогу учак менен тик учактын кагылышуусунан улам каза болгон 67 адамдын баарынын сөөгү таанылды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар учак кырсыгынан каза болгондордун бардыгынын сөөктөрүн табышкан. Эми АКШнын армиясынын инженердик корпусу Потомак дарыясынан кыйраган учактын бөлүктөрүн алып чыгат. Андан соң адистер Black Hawk тик учагынын калдыктарын суу түбүнөн чыгарууну пландаштырууда.
Эске салсак, 30-январга караган түнү Вашингтондогу Рональд Рейган аэропортуна жакын жерде American Airlines авиакомпаниясынын жүргүнчү учагы менен Black Hawk аскердик тик учагы кагылышып, кырсыктан кийин алар Потомак дарыясына кулап түшкөн.
Жүргүнчү ташыган учактын бортунда 60 адам жана төрт экипаж мүчөсү, тик учакта үч аскер кызматкери болгон. АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтондогу учак кырсыгынан тирүү калгандар жок экенин билдирген.