www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жугуштуу оорулардын ооруканасы үч бөлүмдөн турат жана 100 орунга эсептелди. Оорукананын негизги бөлүмдөрүндө капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп, 100 орунга саналган кошумча корпустун толук кандуу курулушу жүрүүдө. Вице-премьер-министр курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты анын өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи. Объекттин курулуш иштерин 2 жуманын ичинде бүткөрүү пландалууда. 

Белгилей кетсек, Оштогу балдардын жугуштуу оорулар ооруканасынын эски имаратында капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүүдө, учурда объект 90% даяр.

Андан соң вице-премьер-министр Оштогу бириккен клиникалык ооруканага барды. Вице-премьер-министр Аида Исмаиловага санариптештирүү долбоорун жүзөгө ашыруу, анын ичинде медициналык рецептердин борборлоштурулган маалымат базасын түзүү, ошондой эле электрондук кезек, электрондук бейтап баяны тууралуу маалыматтар берилди. Муну менен катар data-борборго туташтыруу долбоору, заманбап техникалык жабдууларды орнотуу, медициналык мекемелерге жарандардын келүү шарттарын жакшыртуу жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелер караштырылып жатат.  

Ошондой эле Вице-премьер-министрооруканадагы дары-дармек корун көрдү. Башкы дарыгер Талантбек Арстанкуловдун айтымында, коргонуучу каражаттардын жана дары-дармектердин 1,5 айга жетчү кору бар.    Белгилей кетсек, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында коронавирус инфекциясы менен ооругандарды дарылоо үчүн 1500 керебет орнотулган.

Мындан тышкары Аида Исмаилова Араван районундагы күндүзгү стационардык мекемелердин абалы менен таанышты. Аравандан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, Араван аймактык ооруканасында болду. Иш сапардын жүрүшүндө айыл өкмөт башчыларына эпидемиологиялык абалды турукташтыруу жана калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчөтүү боюнча катуу тапшырма берди. 

Стационардык жардамга муктаж адамдарды өз убагында ооруканага жаткыруу үчүн мобилдик топторду көбөйтүү боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы берилди. 

Жумуш сапары учурунда көтөрүлгөн көйгөйлөрдүн көпчүлүгү жеринде ыкчам чечилди. Иш-чараларды көзөмөлдөө үчүн ар бир айыл өкмөттүн аймактык түзүмдөрүнүн жооптуу адамдары бекитилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости