www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев бүгүн, 22-октябрда, Россия Федерациясына барды. Бул тууралуу өлкөнүн РФтеги элчилигинен маалымдады.

Иш сапардын жүрүшүндө Казакбаевдин россиялык кесиптеши Сергей Лавров жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Алдыдагы сүйлөшүүлөрдө саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле эки тараптуу кызыкчылыкты көздөгөн маселелер талкууланат.

Мындан тышкары, кыргыз-орус кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди кароо пландаштырылууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакбаев Россияга эки күндүк иш сапары менен барары айтылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости