www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Испанияда коронавирусту жуктургандардын саны бир жарым миң адамга көбөйүп, жалпы саны 5753 адамга жетти. Алардын көпчүлүгү Мадридде, деп кабарлады Испаниялык саламаттык сактоо министрлиги.

Тактап айтканда, Испанияда коронавирус эпидемиясынан 136 адам каза болуп, оорудан 517 айыкты.

Өлкөдө абалды билүү үчүн Испанияда жашаган блогер Оксана Pozitiv Life in Spanishке NazarNews маалымат агенттиги байланыштык.

“Испания бийлиги бүгүн, 14-марттан баштап, 15 күндүн ичинде өлкөдө "жогорку деңгээлде даярдык көрүү" чечимин кабыл алды. Испанияда абал туруктуу. Дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Ал эми соода-дүң дүкөндөрүндө текчелер бош калганын көргөн жокмун. Болгону эт азыктары гана жок экенин көрүүгө болот. Калган продуктулардын баардыгы толук”,- деди испаниялык блогер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости