www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Болгариянын борборундагы клиникалардын биринде иштеген врач коронавирус эпидемиясы жүрүп жаткан учурда эмне үчүн ызы-чууга алдырбаш керектигин түшүндүрдү.

Веселин Йотов өзүнүн Фейсбук баракчасындагы окурмандарына кайрылды. Врач ооруну адекваттуу түрдө кабыл алып, дүрбөлөңгө түшпөшү керектигин айтты.

“100.000 миңге жакын адам коронавирус менен ооруйт. Алардын ичинен  77.000 адам Кытайда. Бул сиз Кытайда эмес болсоңуз же жакын арада ал жактан келбесеңиз, ооруну жуктуруп алдым деген коркунучуңуздун 94 пайызын алып таштаңыз дегенди түшүндүрөт.

Эгер сиз чындыгында коронавирусту жуктуруп алсаңыз, дүрбөлөң салуунун кажети жок, анткени:

  • 81 % жеңил формада өтүп кетет
  • 14 % орточо катаалдагы
  • 5 % гана оор болуп саналат

Бул сиз коронавирус менен ооруган күндө дагы, кайра айыгып кетесиз дегенди түшүндүрөт.

Типтүү эмес пневмониядан өлгөндөр 10 пайызды түзгөн. COVID-19 – болгону 3,4 % түздү.

Мындан сырткары, вирустан каза болгондордун жашына карасак, 0,2 пайызы 50 жаштан ылдый адамдар. Эгер сиз 50 жашка чыга элек болсоңуз жана Кытайда жашабасаңыз, сиздин лоторея утуп алууда көбүрөөк мүмкүнчүлүгүңүз бар (буга мүмкүнчүлүк 1:45.000.000 түзөт)

Бүгүнкү күндө эң начар күндөрдүн бирин алалы-10-февралда Кытайда коронавирустан 108 адам каза болгон.

Ошол эле күнү:

  • 26 283 адам рактан көз жумган
  • 24 641 адам жүрөк оорусунан каза болгон
  • 4 300 адам диабеттен
  • Чиркейлер күнүнө 2 740 адамды өлтүрүшөт
  • Элдер күнүнө 1 300 адамды өлтүрөт
  • Жыландар күнүнө 137 адам өлтүрөт.

Мунун баары ашыкча дүрбөлөң салунун кажети жок экенин көрсөтөт. Арзан провокацияларга алданбагыла. Акыр заман келе жаткансып, дарыканалардан даарыларды алууну, азык-түлүктү камдоону токтоткула. Жеке гигиенаны сактагыла. Жакшы тамактанып, жогорку сапаттагы витаминдер менен иммунитетти көтөргүлө жана өзүңөрдүн өмүрүңөрдү сүргүлө!”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости