www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италия COVID-19 менен ооругандардын ашыкча деңгээлин көрсөткөн 13 өлкөдөн келген адамдардын кирүүсүнө тыюу салды. Саламаттык сактоо министрлиги түзгөн тизмеге Армения, Бахрейн, Бангладеш, Бразилия, Босния жана Герцеговина, Чили, Кувейт, Түндүк Македония, Молдова, Оман, Панама, Перу жана Доминикана Республикасы кирди. Саламаттык сактоо министри Роберто Сперанца билдиргендей, тыюу акыркы 14 күндүн ичинде аталган өлкөлөрдө болгондорго тиешелүү.
Пакистандын бардык билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта кайра ачылат, деп билдирди өлкөнүн билим берүү министри. Шафкат Махмуддун айтымында, коронавирустун пандемиясынан улам 13-мартта жабылган бардык мектептер, колледждер жана университеттер федералдык өкмөт тарабынан түзүлгөн саламаттыкты сактоо боюнча сунуштамаларды так сактоого милдеттүү болот.
Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда 2767 адамдан коронавируска анализ алынып, анын 552синен илдет аныкталды. Алардын 314ү Бишкек шаарында, 124ү Чүй облусунда, 24ү Ош шаарында, 13 Ош облусунда, 26сы Жалал-Абад облусунда, 28и Баткен облусунда, алтоо Ысык-Көл облусунда, 17си Нарын облусунда.
Коронавирус жалпы жонунан 9910 адамдан табылды, алардын ичинен 125 бейтап кайтыш болду, 3236 бейтап айыгып кетти
Булак: NazarNews.kg