www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү жасалма кыргыз документтери менен жүргөн башка өлкөнүн жарандары аныкталганын маалымдады.
Милициянын маалыматына ылайык, коңшу өлкөнүн 35 жаштагы жараны Россияда жасалма кыргыз паспортун пайдаланып жүргөн. Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн биринин 30 жаштагы жараны да кыргыз паспорту менен айдоочулук күбөлүгүн колдонуп жүргөнү аныкталды.
Мындан сырткары Россияда Жалал-Абал облусунун 28 жаштагы тургуну жасалма айдоочулук күбөлүк, Баткен облусунун 48 жаштагы тургуну жасалма паспорт, Ош облусунун 25 жаштагы тургуну жасалма паспорт жана айдоочулук күбөлүк колдонуп жүргөнү аныкталган. Жогорудагы документтер Кыргызстанда расмий орган тарабынан берилген эмес. Милиция алар эмгек мигранттары экенин белгиледи. Учурда бул фактылар боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Россиядагы эмгек мигранттарын документтерди расмий органдардан алууга чакырат. Жасалма документ менен кармалгандар жазага тартыларын эскертет. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү жасалма документтер боюнча маалыматтарды +7 (926) 890-87-00 телефон номуру аркылуу кабарлап коюуну суранат.
Социалдык тармактарда Кыргызстандын документерин жасап берүүнү сунуш кылган жарнамалар арбын кездешет. Адисттер документтерди жасоо акыркы учурларда күч алганын белгилеп келишет.
Булак: NazarNews.kg