www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Италияда акыркы 24 саатта коронавирустан 475 адам каза болду. Бул бир сутка ичиндеги рекорддук көрсөткүч экенин чет элдик маалымат булактар билдирүүдө.
Жарандык коргоо агенттиги коронавирус жуктурганы аныкталгандар Италияда бир күндө 4 миңге көбөйүп, жалпы саны 36 миңге чукулдаганын билдирди. Алардын 2978и COVID-19 кесепетинен көз жумду.
Бир күндө миңден ашуун киши айыгып чыгып, алардын жалпы саны 4025ке жетти.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өзгөчө кырдаалдар программасынын аткаруучу директору Майк Райан Италияда өлгөн адамдардын арбып баратышы ооруканалардагы пациенттердин болуп көрбөгөндөй санынан жана өлкөдө улгайган адамдардын салыштырмалуу көптүгүнөн болушу мүмкүн деп болжолдойт.
Эске сала кетсек, коронавирустун жаңы түрү COVID-19 алгач Кытайдын Ухань шаарында катталган. Кытайда бул илдетке чалдыккандар 81 миңди чамалап, алардын ичинен 3237 адамдын өмүрү кыйылган. 70 миңге жакыны айыгып чыкты. Кытайда эки аптадан бери вируска чалдыкканы аныкталгандар аз катталууда. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясы акыркы суткада 13 жаңы учур аныкталганын билдирди.
Булак: NazarNews.kg