www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадга коронавирусту аныктоочу лаборатория жеткирилет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтуусунда, аталган жабдуу көчмө лабораториянын ролун аткарат.
Эске сала кетсек, 18-мартта Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 3 тургуну коронавирус илдетине чалдыкканы аныкталган. Буга байланыштуу вице-премьер-министри Акрам Мадумаров 18-мартта Сузакка барган. Ал райондогу коомдук-саясий кырдаал менен таанышып, коронавирус табылган үч кишинин кичи мекени Благовещенка, Орто-Азия жана Бостон айылдарын кыдырган.

Сузак районунда бардык санитардык чаралар күчөтүлгөн. Жергиликтүү элге жугуштуу вирус жана анын алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Сузак районун эли киргизилген убактылуу чектөөгө түшүнүү менен мамиле кылып жатканын өкмөттүк аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости