www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт. Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат.

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы атаандаштары анык болду. Мелдешке катыша турган спортчулардын тизмесин Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму расмий жарыялады.

Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты Норвегиянын баш калаасы Осло шаарында 2-10-октябрда өтөт. Кыз-келиндер мелдеши 4-октябрда башталат.

Айсулуу Тыныбекова 4-октябрда килемге чыгат. 62 килограмм салмакта күч сынашкан кыргыздын балбан кызы 2019-жылы Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн мелдеште жеңип алган чемпиондук титулун коргойт.

Ослодогу биринчиликке Тыныбекованын Олимпиада жана дүйнө чемпионатынын финалында кармашкан аттандаштары: япониялык Юкако Каваи жана болгариялык Мустафа Тайбе Юсейн катышпайт.

Балбан кыздардын тизмеси:

62 килограмм

Вероника ИВАНОВА (Беларусь);

Лаис Нуньес Оливейра (Бразилия);

Анна Пол Годинес Гонзал (Канада);

Луиза Хелга Герда Нимеш (Германия);

Сангит Сангит (Индия);

Нонока Озаки (Япония);

Аяулым Касымова (Казакстан);

Винрозе Аливиса (Кения);

Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан);

Хва Юнг Сен (Корея);

Алехандра Ромеро Бонилла (Мексика)

Болортуа Хурелхуу (Монголия)

Виктория Мириам Оеверби (Норвегия);

Катажина Мадровская (Польша);

Алина Касабиева (Россия);

Нилукши Надеша Переру Голамбейж (Шри-Ланка);

Жансу Аксой (Түркия);

Илона Прокопевнюк (Украина);

Кайла Миракл (АКШ).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости