www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Таш ыргыса» Курсан Асановдун башына тийчү болду. Бийликти зордук менен басып алууну көздөгөн Курсан мырза Кылмыш-Жаза кодексинин 309 - беренеси менен көнүп алган отурчу жерине отурду. 2019-жылдын 8-9-августундагы Кой-Ташта болгон окуялардан кийин К.Асанов сыз жерге отуруп чыккан. 2020-жылдын 5-октябрында башаламандыктан пайдаланып  Өмүрбек Суваналиев менен өлкөдөгү коопсуздук органдарын басып алышып, көзөмөл жүргүзүшкөнү менен аларга коопсуздук органдары баш ийбей койгон. Ошондон кийин жатчу жерине жатып чыккан. Отуз жылдан бери ойкуп-кайкып жүрүп, элди карызга батырып, бийликтегилерди жугундукорго айланткан Өмүрбек Текебаев тетири сүйлөгөн саясатчылар менен кайрадан тандем издей баштаган. Алгачкылардан болуп анын кайырмагына Курсан Асанов илинип, «Ата-Мекен» менен шайлоого аттанар түрүн көрсөткөн. Былтыркы жылдагы парламенттик шайлоодо Адахан Мадуров менен «Бүтүн Кыргызстан» менен шайлоого аттанган Курсан Асанов «хамалеондук» жүрүшүн Текебаевдин «Ата-Мекен» партиясына бура баштаган. «Ата-Мекен» партиясы менен шайлоодогу майда-барат нерселерди бүтүрүү үчүн Текебаев менен кенен жолугуп баарлашкан эле. Эмне деп баарлашканын ким билет эми бийликти басып алуу беренеси боюнча камалып отурат.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн түшүргөн: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости