www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ош коогалаңы үчүн Убактылуу Өкмөткө доомат коё албайм», - деди бүгүн, 15-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

- Рамазан агай, кайсыл мезгил болбосун «2010-жылкы кандуу окуянын күнөөкөрлөрү жазаланышы керек» деген маселе көтөрүлүп турат. Ошондо кимдер жазаланышы керек?

- Мен 2010-жылдагы окуяга бийлик башында турган Убактылуу Өкмөт күнөөлүү деген ойдон алысмын. Алар мамлекетке анчалык чыккынчылык кылат деп ойлобойм. Анткени, алардын арасында дагы Кыргызстан десе ичкен ашын жерге койгон азаматтар бар.

Ошондуктан, Ош коогалаңы үчүн аларга доомат коё албайм. Алар Конституцияны колдотуу үчүн кан төгүүгө жол берген дегендерге кошула албайм. Ар бир кыргыз, өз жерин, элин, биримдигин, мамлекетин сактоого милдеттүү деп ойлойм. Бейиштей жерибиз, эгемен мамлекетибизди көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга өткөрүп бере турган аманат деп ойлойм.

Менимче, кандуу окуянын чыгышына ошол кездеги Кадыржан Батыров, Иномжан Абдирасулов, Карамат Абдуллаева, Жалолиддин Салахудиновдор жана ошолор менен мамиле түзүп, тымызын ойногон кээ бир саясатчылар күнөөлүү.

Мен Стамбулдан Кадыржан Батыровго жолугуп калганда Кыргызстан жакпаса, коңшу Өзбекстан мамлекетине барып жаша дегем. Кыскасы, үрөй учурган окуялар менен коштолгон кандуу окуя автономияны көздөгөн сепаратисттердин айынан болгон деген пикирдемин.

- Аны өзбек сепаратисттери эле уюштурганбы же аларга дем берип, шыкактап тургандар да болгонбу?

- Менимче, тышкы күчтөр дем беришкен. Ошон үчүн Ислам Каримов ал окуя этникалык согуш эмес, тышкы күчтөрдүн оюну деп Кыргызстандан качып барган өзбектерге жан тарткан эмес. Менин баамымда, 2010-жылы мамлекеттин эгемендигин Убактылуу Өкмөттүн курамында турган Роза Отунбаева, Азимбек Бекназаров, Исмаил Исаковдор сактап калышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости