www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден журналисттер менен болгон жолугушууда «Кытай лидери Си Цзиньпин аны менен бетме-бет саммит өткөрүүдөн баш тартты» деген маалымат четке какты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин Financial Times гезити өздүк булактарына таянып, Байден акыркы телефон сүйлөшүүсүндө Кытайдын президенти Си Цзинпинге саммит өткөрүүнү сунуштаганын, ал эми Кытайдын лидери баш тартканын, анын ордуна Вашингтондон Пекинге карата риторикасын жумшартууну суранганын жазган.

Чын эле Кытай лидери жолугушуудан баш тарттыбы? Деген суроого:

«Чындыкка дал келбейт», - деп жооп берген Байден.

Эске салсак, буга чейин, 10 -сентябрда КЭРдин президенти менен АКШнын президенти телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Ак үй белгилегендей, лидерлер эки өлкөнүн ортосундагы атаандаштыктын маселелерин жана анын чыр-чатакка айланып кетүүсүнүн алдын алуу жолдорун талкуулашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости