www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын президентинин 2021-жылдын 5-майындагы «Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө» жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыгына кол койду. Ага ылайык Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин алдында жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Документке башкаруу тутумун оптимизациялоо жана «Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кол коюлду.

Агенттик бул мыйзамга ылайык жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын коргоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочуларды (ээлерин) каттоону, жеке маалыматтардын массивин кармоочулардын реестрин жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле башка милдеттерди, функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашырат, деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости