www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кармалган адам Уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.

“УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин  358-беренесинин 1-бөлүгүндө (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү) каралган кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган  сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө  чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жараны кармалды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости