www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге мектепте атылган октон адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
“Россиянын Удмурт Республикасынын Ижевск шаарындагы №88 мектепте ок атуудан адамдардын курман болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды абдан өкүнүч жана кайгыруу менен кабыл алдым.
Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөcүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Бул трагедиядан жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм.
Орду толгус жоготуунун азасын жана кайгысын тең бөлүшөм", — деп телеграмма жөнөткөн президент.
Белгилей кетсек, 26-сентябрда, Ижевск шаарында белгисиз киши мектепке кирип ок атып, 15 адам, анын ичинен 11 бала каза болду. Ошондой эле 24 адам (22 жаш бала) жаракат алган. Кол салган киши кылмышынан кийин өз жанын кыйган. РФ Тергөө комитети ал ушул мектептин бүтүрүүчүсү экенин билдирди.
Булак: NazarNews.kg