www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа өкмөтү Израилдин 7-октябрдан бери кол салууларында каза болгондордун санынын 11 миң 100дөн ашканын, бул кишилердин 8 миңден көбүнүн балдар жана аялдар экенин билдирди. Бул тууралуу Аль-Акса телеканалынын Telegram каналында жарыяланган кабарга таянып трт.нет билдирди. 

Өкмөттүн Газадагы медиа кеңсесинин жазуу түрүндөгү жарыясында ооруканалардын бутага алынышынан, Саламаттыкты сактоо министрлиги каза болгондор жана жарадар болгондор тууралуу жазууларга бөгөт коюлгандыктан, кечээ каза болгондордун жана жабыркагандардын так санын жарыялай албаганы маалымдалган.

Билдирүүдө, «Бирок оккупациялык күчтөр тарабынан 1130дан ашуун кыргын болгонун, шейит болгондордун саны 11 миң 100, алардын 8 миңден ашыгы балдар жана аялдар, жаралангандардын саны 28 миңден ашканын билдиребиз»,-деп айтылды.

Израиль армиясынын блокададагы Газа тилкесине 7-октябрдан бери кол салуулары уланууда.

Аль-Акса телеканалынын Telegram каналында жарыяланган кабарга караганда Израилдин согуштук учактары Газа шаарынын борборундагы палестиналык «Неххале» үй-бүлөсүнүн үйүн бомбалап, кол салуудан улам каза болгон жана жаралангандардын бар экендиги билдирилди.

Израилдик согуштук учактар ​​Жибалиедеги «Бераш» үй-бүлөсүнө жана Сахабе көчөсүндөгү «Неххале» үй-бүлөсүнө таандык үйлөрдү аткылашты. Эки кол салуудан тең каза болгондор жана жарадар болгондор бар экени айтылды.

Израиль армиясы Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы Бени Сухейла шаарчасында бир үйдү бомбалады.

Палестиналык «Ан-Наджар» үй-бүлөсүнүн үйүнө абадан кол салууда 13 киши каза болуп, 25 киши жараланды.

Хан Юнустун чыгышындагы Бени Сухейла аймагындагы «Абу Шаб» үй-бүлөсүнө таандык үйдүн бутага алынышынын натыйжасында 1 бала каза болуп, 4 киши жараланды.

Израилдин катерлери да Газа тилкесинин борбордук бөлүгүндөгү жээк тилкесине ондогон артиллериялык снаряддарды аткылашты.

Израиль армиясы Газанын Рефах шаарына артиллериялык бомбалоо менен бир убакта жарык берүүчү бомбаларды таштады.

Газанын Наср районунда жер которгондор баш калкалаган Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын (ПРООН) баш кеңсесинин бомбаланганы, каза болгон жана жаралангандардын бар экени билдирилди.

Израилдик согуштук учактар ​​Наср районундагы Мехди төрөт ооруканасын бомбалап, 2 дарыгер каза болуп, көп сандаган киши жараланды.

Бир тараптан Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Газа тилкесинин түндүгүндө Тель-эз-Затар аймагындагы палестиналык «ал-Аскари» үй-бүлөсүнүн үйүнө Израилдин кол салуусунда 9 киши каза болуп, бир нече палестиналык жараланды.

Жергиликтүү булактар ​​Шифа ооруканасынын бакчасында жерден 80ге жакын сөөктүн табылганын жана медициналык кызматкерлердин эч нерсе кыла албаганын билдирди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газа тилкесиндеги басма сөз катчысы Ашраф аль-Кудра : «Израилдин экинчи жолу бутага алуусунун натыйжасында Шифа ооруканасынын реанимация бөлүмү чоң зыян тартты»,-деди. 

Газа тилкесиндеги ооруканалар башкы директорлугунан: «Шифа ооруканасындагы катастрофалык абалдан улам 650 бейтаптын жана жаракат алгандардын, анын ичинде 36 баланын өмүрү коркунучта»,деген билдирүү жасалды.

Палестинанын Кызыл Жарым Айынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, «Газадагы Аль-Кудс ооруканасынын күйүүчү майдын түгөнүп, электр жарыгынын үзгүлтүккө учурашы себептүү иштебей калганын жана иши толугу менен токтоп калганын жарыялайбыз»,-деп айтылды.

Израиль армиясы Газанын түндүгүндөгү Жибалия районундагы Индонезия ооруканасынын жанына да кол салды.

Калктуу конуштарга  кол салууларда кыйраган үйлөрдүн урандыларында издөө-куткаруу иштери башталды.

Урандылардан чыгарылган каза болгондор жана жарадарлар Индонезия ооруканасына жеткирилди.

Израилдик күчтөр Батыш Шериадагы Тулкерим, Эл Халил, Тубас, Наблус жана Рамаллах шаарлары менен түрдүү кыштактарга операция жүргүздү.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда Израиль аскерлери Наблустун Барка шаарчасын басып алып, бир кишини өлтүрдү.

Израиль армиясы Батыш Шериадагы Тубас шаарын басып алып, 2 палестиналыкты жаралады.

Тубастагы окуяларда палестиналыктар менен кагылышкан израилдик аскерлер бир палестиналыкты кармады.

Израиль армиясы Баркадагы рейд учурунда 4 палестиналыкты кармап, Тулкерим шаарына болгон рейдде бир палестиналыктын үйүнүн кире беришине жардыруучу заттарды коюп, жардырды.

Израиль аскерлери камактагы палестиналык аял журналист-жазуучу Лема Хатирдин Эл Халилдеги үйүн тинтип, үйдөгү буюмдарга зыян келтирип, Хатирдин күйөөсү Хазим эл-Фахурини туткунга түшүрдү.

Ошондой эле Рамаллахка караштуу кыштактарга жүргүзгөн рейддеринде көптөгөн палестиналыкты кармады.

7-октябрдан бери Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста Израиль күчтөрү менен жөөт отурукташкандардын кол салууларынан каза тапкан палестиналыктардын саны 186га жетти.

Хамастын аскердик канаты Кассам бригадасы 7-октябрда Израилге карата «Акса топону» деп аталган кеңири чабуулун баштаганын жарыялаган.

Буга жооп катары Израил армиясы согуштук учактар ​​менен Газа тилкесине каршы «Темир кылычтар» операциясын баштаганын жарыялаган.

Израиль 7-октябрдан бери 354ү аскер болгон 1200 израилдиктин каза болгонун, 5132 кишинин жараланганын, алардын 38и Газа тилкесиндеги кагылышууларда болгонун жарыялады.

 

Последние новости