www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын медицина жана физиология боюнча Нобель сыйлыгынын лауреаттары жөнүндө өзгөчө аңгеме кылууга милдеттүүбүз! Анткени, сөз массалык өлүмдөн сакталып калган миллиондогон адамдардын тагдыры менен байланыштуу болуп жатат. Эсиңиздерде болсо, 2019-2020-жылдары жапырт, планетардык эпидемиялык катастрофа болду! Муну медико-социологиялык термин менен пандемия деп атап жүрөбүз. Прогрессивдик көз караштагы өлкөлөр бул апаатка каршы өзүндөгү болгон ресурстарын жумшап, өз жарандарын сактап калууга баш уруп, кам көрүштү. Күнү-түнү дебей, даары дармектерин белендешип адам жанын коргоп калыш үчүн үчүн жан-далбас кылып күрөшүштү. Натыйжада, алар өз жарандарын минималдык жоготуулар менен сактап калышты!  Ал эми кээ бир өлкөлөрдүн сугалак башчылары ушундай жан-кыйды апааттан дагы пайда таап калуунун камын көрүшүп, “жийиркеничтүү бизнес” жасап, кашкайып туруп алышты. Тилекке каршы, ушундай мамлекеттин катарына биздин Кыргызстандын, ошол кездеги жексур бийлиги дагы кирет! Эми бул өзүнчө кеп!

Медицина жана физиология боюнча 2023-жылдагы Нобель сыйлыгы венгриялык биохимик, профессор Каталин Карико менен америкалык иммунолог, профессор Дрю Вайсманга ыйгарылды! Учурда экөө тең АКШнын Пенсильвания университетинде ийгиликтүүү  эмгектенишет. Алар Covid-19 га каршы мРНК-вакцинасын ойлоп табышты! Өзү РНК-вакцинаны изилдөө жолу же тарыхы өтө эле азаптуу болгонун, биз студенттик кезден бери эле  эле билчүбүз! Мисалы, мен өзүм физик болсом дагы,  70-80-жылдары  медицина жана физиология боюнча көптөгөн илимий-популярдуу адабияттарды окуп, таасирленчүмүн. Көрсө, окумуштуулар кылымдар бою эле РНК-вакцинанын универсалдуу тибин табууга жан алакетке түшүп эмгектенип келишкен тура! Мисалы, чечекке (оспа) каршы вакцинаны биринчи ойлоп тапкан окумуштуу Эдвард Дженнер ошол ооруга жакын болгон дүүлүктүргүчтү колдонгон. Бул гениалдуу идеяны XIX кылымда  эле

Луи Пастер кубаты начарлаган микроорганизмдерди колдонуп  ооруларды айыктырып келген. Бирок ошол вакциналарды  өндүрүштүк масштабда чыгаруу абдан кыйын болчу. Анткени, вирустар жаратылышы боюнча эле өз алдынча көбөйүүгө жараксыз экендиги белгилүү. Ошондуктан аларды пробиркада эле өстүрүп отуруу жетишсиз. Аны клетканын өзүнө жайгаштырып, жашоо шартын түзүп берүү абзел. Биздин каармандар так ушул илимий эффектти ачышты! Мунун аты РНК-технология!Дүйнө жүзү коронавирус пандемиясына чалдыгып карайлап турган мезгилде Каталин  Карико менен Дрю Вайсмандын препараттары дүйнөнү тукум курут катастрофадан сактап калды десек болот! Азыр баарыбыз жан талашып алып жаткан PFIZER вакцинасы дал ушул нобелиаттардын зор эмгектери!

Профессор Каталин Карико (Венгрия, АКШ) жана профессор Дрю Вайсман (АКШ)

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости