www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин Германиядагы элчиси Рон Просор чет элдик имамдарга тыюу салууну талап кылды.
Funke Media Group гезиттериндеги билдирүүнө таянып трт.нет жазып чыкты. Просор, Израилдин Германияда "чет өлкөдөн келген кээ бир имамдар менен маселесинин бар экендигин" айтты.
Просор имамдардын “Германия менен Европаны өзгөртүүнү каалаган” идеология менен келишкенин, ошондуктан мечиттерди жакшылап текшерүү керектигин жар салды.
Израилдин элчиси Германияга мусулмандар үчүн имамдарды өзү дайындоого жана чет элдик имамдардын иштөөсүнө тыюу салууну сунуштап, Просор Израилдин палестиналык жарандарга карата кол салууларына каршы уюштурулган тилектештик митингдеринде болгон антисемиттик окуялар тууралуу да Германияда сөз эркиндигинин чектелишине чакырды: "Германиянын мыйзамдары өзгөртүлүшү керек жана сөз эркиндигин чектөө керек", - деди.
Элчи жөөт душмандыгы менен Израиль душмандыгынын бирдей жазаландырылбашы керектигин да кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg