www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурда мамлекеттик каттоо кызматынын директору, “Бир Бол” партиясынан депутат болгон Жаныбек Бакчиев камакка алынып, 4- декабрга чейин УКМКнын СИЗОсунда калганын өздүк булагыбыз билдирди.
Ал баңгизаттарды сактоого шектелгени каңкууланууда. Азырынча канчалык деңгээлде чын-төгүнү белгисиз. Негизи Бакчиев Кыргызстандагы бай адамдардын катарына кирет. Бизнес жаатынан да куру калган эмес.
Убагында Максим Бакиев, Алексей Ширшов менен ынак мамиледе жүргөнү, кийин Алтынбек Сулаймановдун командасына кошулганы белгилүү. Аныгында, Феликс Кулов, Азим Рой жана маркум Камчыбек Көлбаевге байланышы бар үчүн айрым суроолордун түйүнү чечилбей турабы?..
Ток этерине келсек, Жаныбек Бакчиев саясый оюндардан оолак жүргөнү, бирок таасирдүү адам катары сыпатталат. Камакка алуу менен “кустуруу” аракети көрүлөбү?.. - дейт "Азия Ньюс" гезити
Булак: NazarNews.kg