www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 8-ноябрь күнү ушул шаарда кыргыз-герман ишкерлер форумуна катышкан МинКабдын төрагасы Акылбек Жапаров тууралуу пикирин жазды.
Акча кайжерде бар экенин билет…
Гамбург Германиянын эң бай шаары. Аккан арыктан суу агат, дегендей, Гамбург миң жылдан бери эле Германиянын соода дарбазасы болуп, бай шаар.
8-ноябрь күнү ушул шаарда кыргыз-герман ишкерлер форуму болуп, ага 200 дөй компаниялардын өкүлдөрү катышышты.
Форумда кыргыз Өкүмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, немис ишкерлерин Кыргызстан менен иштөөгө чакырды.
Мындан кийин Форум регулярдуу болуп жыл сайын отүп турмакчы.
Кыргызстанды таанытуу, ага ишенимди күчөтүү үчүн А.Жапаров ар квартал сайын Германияга келип, федералдык, жергилуктуу бийлик өкүлдөрү жана немис бизнесинин өкүлдөрү менен жолугуп турмакчы.
Форумдун жүрүшүндө ондон ашык келишимдерге кол коюлду. Келишимдерде кыргыз айыл чарба, женил өнөр жай продукцияларын жана эмгек ресурстарын герман рыногуна тартуу каралды.
Форумдан кийин кыргыз-герман ишкерлер Кенешинин 2- олтуруму болду.
Маалымат үчүн:
Гамбург шаары Эльба дарыясынын Түндүк деңизге куйган жеринде жайгашкан жана Германиядагы эң чоң порт болуп эсептелет. Германиянын түндүк дарбазасы катары аталып Германиянын импорт менен экспортунун дээрлик жарымы Гамбургдун порту аркылуу өтөт.
Гамбург шаарында 1,8 млн адам жашайт. Германиянын 16 федералдык жеринен киши башына саналган ички дүң продукциянын көлөмү боюнча Гамбург биринчи орунду ээлейт. Жалпысынан, Гамбург шаарынын ички дүң продукциянын көлөмү 126 млрд еврону түзөт, - дейт Текебаев.
Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда белдүү саясатчылардын бири. Чындыкты чырдап, саясатты табышмактатпай таамай айтканы менен элчи болгондон кийин дымагы басаңдап калган сыяктуу.
Баса, Текебаевдин айтымына караганда Форумда кыргыз Өкүмөтүнүн башчысы Акылбек Жапаров сөз сүйлөп, немис ишкерлерин Кыргызстан менен иштөөгө чакырган турбайбы. Эсепке так жүргөн немистер "10%" ылакабы бар Акылбек Жапаровго ишенип кантип Кыргызстанга келсин. Андан көрө Өмүке ишкерлерди кыспагыла, кысымды токтоткула, деп койсоңуз бир аз адамча ойлонушат беле?
Булак: NazarNews.kg